Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Президенттик шайлоонун II туру болушу керек

Президенттик шайлоонун II туру болушу керек, анткени талапкерлер көп. Бул тууралуу президенттикке талапкер Адахан Мадумаров бүгүн, 10-январда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берип жатып билдирди.

Ал президенттик шайлоонун II туру болуп калса, кайсы талапкер менен бириге турганы азырынча белгисиз. Алдыда кеңешип, чечим кабыл алынат.

«Нормалдуу, өнүккөн мамлекеттер сурамжылоонун жыйынтыктарын колдонот. Бизде экзитпол жүргүзүлбөйт, бирок түрдүү компаниялар тарабынан социалдык сурамжылоолор өткөрүлдү. Алардын жыйынтыгы көрсөткөндөй, 47 % менен биринчиликте Мадумаров, экинчи орунда Жапаров баратат. Башка булактарга да карап көргүлө, эч бир талапкер 50 %дан ашкан жок», — Мадумаров.

Ал мындан сырткары Конситуциялык референдум боюнча да пикирин билдирди.

«Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдарда так, ачык жазылган. Долбоор I эмес, III окууда кабыл алынып, ар бир окуунун ортосунда эки айдан кем эмес убакыт болушу керек. Президенттин милдетин аткаруучу конституциялык реформа жүргүзө албайт. 2020-жылдын 28-октябрынан кийин легитимсиз болуп отурган Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизе албайт», — дейт талапкер.

Мадумаров шайлоодон өтпөй калса, жаңы бийлик менен кандай шартта кызматташа турганын айтты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM