Биз менен байланышыңыз

Каныбек Иманалиев №1138 шайлоо участогунда добуш берет

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 374 | 0

Бишкектеги №1138 шайлоо участогунда жалпы 2031 шайлоочу катталган, саат 10:30га карата 51 жаран келип добуш берип кетишти.

Кабарчыбыздын маалыматына ылайык, шайлоо тилкесинде бардык санитардык эрежелер сакталууда. Кире бериште дарыгелер жарандардын дене табын өлчөп, кол кап, беткап берип турушат.

Бул шайлоо тилкесинде президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев саат 11де келип добуш берүүсү күтүлүүдө.

Участокто 7 байкоочу бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM