Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 10-январга карата 135 адамдан коронавирус табылды

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 481 | 0

Кыргызстанда 10-январга карата 135 адамдан коронавирус табылды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, өлкөдө вирус менен катталгандардын саны 82 миң 273кө жетти.

Коронавирустан бир күндө эки адам каза болду, жалпы өлүм учурлары 1 миң 369га жетти.

Ал эми бир сутка ичинде 151 адам коронавирустан айыгып, жалпы сакайгандардын саны 77 миң 902 кишини түздү.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 849 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 225 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде 3 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 6, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты.

Пандемия башталгандан бери 4 миң 146 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 7 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM