Биз менен байланышыңыз

Мамбеталиев: Шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн 563 миң 574 жаран катталган

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 532 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевдин маалыматы боюнча, шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн 563 миң 574 жаран катталган.

18-декабрдагы тизмеге 3 млн 556 миң 865 жаран, акыркы 2021-жылдын 2-январындагы тизмеге 3 млн 563 миң 574 жаран катталган.

Бүгүн, 10-январда Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрү кечки саат 20:00гө чейин иштейт.

«7-10-январь күндөрүндө да жумуш үстүндө болушту. Анткени №2 форманын жоюлганынан улам кайрылган жарандардын саны өстү. Бүгүн дагы кечки саат 8ге чейин иштейт. Паспортун (ID-карт) алганга жетишпей калган жарандар кечкиге чейин каттоо кызматынын бөлүмдөрүнөн ала алат», — дейт Мамбеталиев.

Каттоо кызматында «119» ыкчам байланыш номери иштеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM