Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 11 шайлоо тилкесинде автоматтык эсептөөчү урналар жок

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 332 | 0

Кыргызстандагы он бир шайлоо тилкесинде автоматтык эсептөөчү урналар жок. Бул тууралуу брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады.

Мунун себеби интернет байланышынын жоктугу. Андагы бюллетендер жакынкы автоматтык эсептөөчү урналары бар участокторго жеткирилет.

6900 оператор окуудан өтүп, шайлоо участокторуна бөлүштүрүлгөн. Бардык участоктордо автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыктарын алуу үчүн тестирлөө өткөрүлгөн.

Автоматтык эсептөөчү урналар шайлоо тилкелериндеги бюллетендерди кабыл алууну жана эсептөөнү жүргүзөт. Модемдин жардамы менен үкөктөрдөн алынган маалыматтар добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын борбордук серверине өткөрүлүп берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM