Биз менен байланышыңыз

Шайназаров: Шайлоо маалындагы мыйзам бузуулар боюнча 61 кайрылуу түштү

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 432 | 0

Автоматтык эсептөөчү урналардын иштебей калганы боюнча эки арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында кабарлады.

Анын айтымында, Бишкектеги №1221, 7217 шайлоо тилкелеринде үкөктөр иштебей калган, учурда оңдолду.

БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна шайлоо өнөктүгү башталгандан баштап 10-январга чейин 61 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен 39у ИИМге катталган, 10у Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, 1 кайрылуу боюнча Башкы прокуратура тарабынан аныктама түзүлдү. Ошондой эле 6 кайрылуу боюнча БШК жана аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынган, алты маалымат боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат.

Шайназаровдун айтымында, мыйзам бузуулар негизинен айрым президенттикке талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан буга чейин мыйзам болгону айтылып келген. Мындан тышкары коркутуу фактылары, үгүт маалында шайлоо мыйзамдарынын бузулушу сыяктуу кайрылуулар түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM