Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги айрым шайлоо тилкелеринде үкөктөр иштебей жатат

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 548 | 0

Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү күнү шайлоо участкаларында айрым автоматтык эсептөөчү урналар иштебей жатканы айтылууда. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары да жазып чыгышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматованын маалыматына таянсак, Бишкек мамлекеттик университетинде жайгашкан №1046 шайлоо тилкесинде автоматтык эсептөөчү урна иштебей калды. Участкалык шайлоо комиссиясынын жетекчилиги мүчүлүштүктөрдү жоюу аракети көрүлүп жатканын кабарлады.

«Kaktus.Media» басылмасы жазгандай, Ак-Өргө жаңы конушундагы шайлоо тилкесинде да шайлоо үкөгү иштебей, эки бюллетенди тең бир эле урнага таштап жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM