Connect with us

Санитардык коопсуздукту камсыздоого 5 миңден ашык медициналык кызматкер тартылды

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 722 | 0

Президенттик шайлоо жана референдумга добуш берүү күнүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алгоритм иштелип чыккан. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маалыматына ылайык, бүгүн 5 миңден ашык медициналык кызматкер иш алып барат.

Шайлоочуларга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө 5 миңден ашуун медициналык кызматкерлер тартылган. Ар бир шайлоо участкасында медициналык кызматкерлер 2 нөөмөттө (8:00дөн 14:00гө чейин, 14:00дөн 20:00гө чейин) бекитилген.

Ошондой эле бардык шайлоо тилкелеринде нөөмөтчү (дежурный) медициналык кызматкерлер жана тез жардам унаасы зарыл учурда ыкчам кызмат көрсөтүү үчүн бекитилген.

Мындан тышкары, ооруканалардагы оор абалдагы бейтаптардын жана соматикалык оорусу бар бейтаптардын тизмелери жергиликтүү шайлоо тилкелерине берилди.

«Бардык стационардык мекемелерде жаракат алган жана оорулуу адамдарды тезинен ооруканага жаткыруу, квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн орундуктардын резерви каралган, дары-дармектер, таңуу материалдары, медициналык буюмдар, кан жана анын компоненттери, антисептиктер жана дезинфекциялоочу каражаттар даярдалды. Бардык шайлоо тилкелеринде социалдык аралыкты сактоо, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук эрежелери (COVID-19, грипп, ОРВИ) тууралуу маалымат стенддери жана байланышсыз термометрлер менен камсыздалды», — деди министр.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча сунуштары:

-Шайлоо участогуна кирерден мурун беткап кийиңиз;

-шайлоо тилкесинде жүргөндө, идентификациялоодон өтүү учурунан тышкары беткапты чечпеңиз;

-айлана-чөйрөдөгү объектилер менен контактта болгондон кийин: эшиктин туткалары, столдор жана башка нерселер, антисептикалык каражат менен колуңузду тазалаңыз;

-мекеменин ичинде жана сыртында кеминде 1-1,5 метр аралыкты сактаңыз;

-өзүңүз менен балдарды алып келбеңиз;

-эгер сизде курч респиратордук вирустук инфекциянын жана грипптин, анын ичинде COVID-19дун белгилери бар болсо, бирок 10-январда добуш берүүнү кааласаңыз, шайлоого саат 18:00дөн кийин катышуу сунушталат.

Бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, президенттик шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды.

Copyright © 2017 Maral FM