Connect with us

Баткенде шайлоо участкалары ачылып, өнөктүк башталды

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 548 | 0

Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Облус башчысы Жаныбек Жалалов Баткен шаарындагы №8177 шайлоо участкасында добуш берди.

Баткен облусунда шайлоочулардын жалпы саны 297 миң 264 түздү. Ошондой эле 217 шайлоо участкасы ачылып, иштей баштады.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык нормаларды сактоо үчүн коргонуучу каражаттар жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалган.

Жалпысынан коомдук коопсуздукту камсыз кылууга облус боюнча 880 милиция кызматкерлери тартылды. Ошондой эле 545 адамдан турган элдик кошуундар түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM