Connect with us

Түштүк-Сахалин шаарында шайлоо участогу ачылды

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 543 | 0

Бүгүн, 10-январда Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү жарандарынын шайлоого катышуусуна шарт түзүү максатында алгачкы шайлоо участогу Орусиянын Түштүк-Сахалин шаарында ачылды.

Ал Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кеңсесинде Бишкек убактысы боюнча түнкү 03:00дө ачылды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бул добуш берүү жайында 851 жаран катталган.

Добуш берүүгө барган шайлоочуда сөзсүз түрдө Кыргызстандын ички паспорту, жалпы жарандык паспорту, дипломатиялык же кызматтык паспорту болушу керек.

Шайлоо участкасын таба албай жаткан мекендештер консул Бакыт Асаналиевге — 89778529098 телефон номери аркылуу кайрыла алат.

Кыргызстанда  2474, ал эми чет өлкөдө 48 шайлоо участкасы ачылды. Кезексиз президенттик шайлоого 3 млн 563 миң 574 шайлоочу катыша алат.

Бүгүн шайлоочуга эки бюллетень берилет: президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө); башкаруу формасын тандоо боюнча (көк түстө).

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM