Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда добуш берүү үчүн шайлоо участоктору ачылды

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 698 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өтөт. Эртең мененки саат 8.00дө бардык шайлоо тилкелери ачылды. Бул тууралуу Борборбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде кабарлады.

Анын берген маалыматы боюнча, өлкөдө жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу бар. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында, 48 шайлоо участогу башка өлкөлөрдөгү мекендештердин добуш берүүсү үчүн ачылат.

Шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 жаран катыша алат. Шайлоочулардын акыркы тизмеси 2021-жылдын 2-январында түзүлүп, бардык шайлоо тилкелерине илинген. Ошондой эле шайлоочулар өзүн tizme.gov.kg сайтынан тактай алат.

Президенттикке ат салыша турган талапкерлер:

  1. Жапаров Садыр Нургожоевич;
  2. Исаев Канатбек Кедейканович;
  3. Арстанбек Мыктыбек;
  4. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
  5. Ташов Имамидин Асамидинович;
  6. Тагаев Рашид Бакирович;
  7. Сегизбаев Абдил Кеңешевич;
  8. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
  9. Касенов Аймен Абдыталипович;
  10. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
  11. Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович;
  12. Абакиров Эльдар Курманбекович;
  13. Асанов Курсан Сатарович;
  14. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
  15. Жеенбеков Равшан Бабырбекович;
  16. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
  17. Тольбаев Бабыржан Латиханович;
  18. Иманалиев Каныбек Капашович.

Референдумда өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча төмөнкү варианттар сунушталган:

-президенттик башкаруу;
-парламенттик башкаруу;
-бардык варианттарга каршы.

Copyright © 2017 Maral FM