Биз менен байланышыңыз

АКШ: Капитолий полициясынын башчысы башаламандыктардан кийин кызматтан кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2021 | 1118 | 0

Американын борбору Вашингтондогу башаламандыктардан кийин Капитолийдин коопсуздугу үчүн жооп берген полиция бөлүмүнүн башчысы Стивен Сунд кызматтан кетет. Бул тууралуу «CNN» телеканалына полициянын өкүлү билдирген.

Стивен Сунд 16-январда кызматтан кетиши күтүлүүдө. Анын отставкасы тууралуу АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси тарабынан айтылган сындан кийин айтылды.

«Associated Press» басылмасынын маалыматы боюнча, буга чейин Капитолий полициясынын башчысы Дональд Трамптын тарапташтары имаратка чабуул жасайт деп күтүшкөн эмес.

Вашингтондогу Капитолийге чабуулу 6-январда болгон. Укук коргоо органдары имаратка кирип барган Дональд Трамптын тарапкерлерине каршы көздөн жаш агызуучу газ жана гранаталарды колдонгон.

Бийликтин айтымында, нааразычылык акциялары учурунда төрт адам каза болгон. Кийинчерээк кол салуудан жаракат алган полиция кызматкери каза болгондугу жөнүндө кабарланган, бирок полиция бул кабарларды четке каккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM