«Tesla» жана «SpaceX» компанияларын жетектеген ишкер Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде биринчи болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта айтылгандай, Илон Маск «Amazon» компаниясынын жетекчиси Джефф Безостон ашып өтүп, аны экинчи орунда калтырган.
«Тесла» акцияларынын баасынын жогорулашынан улам Илон Масктын байлыгы биржалык соодада 188 миллиард долларга жеткени — Безостон 1 миллиард долларга көп экендиги белгиленген.
2020-жылдын ноябрь айынын аягында Илон Маск «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстен ашып, экинчи орунга чыккан.