Биз менен байланышыңыз

Мамытов кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 439 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды 7-январь Рождество майрамы менен куттуктады. Куттуктооодо бул майрам адамдардын жүрөгүнө үмүт, ишеним, сүйүү пайда кыларын, элдин биримдигин, толеранттулугун бекемдей турганын айткан.

-Мамлекеттибиздин саясаттын маанилүү принциптеринин бири — бул жарандардын диний сезимдерине карата аяр жана сый мамиле жасоо.Кыргызстандагы Православдык чиркөө өзүнүн жооптуу милдетинин кылымдардан берки салтын улантып, биздин коомдогу этностор аралык ынтымакты чыңдоо, өлкө жарандарын Ата-Мекенди сүйүү, үй-бүлөнү жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоого үндөө, диний конфессиялар ортосундагы диалогду бекемдөө үчүн болгон күч-аракетин жумшайт,- деп айтылат Мамытовдун кайрылуусунда.

Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM