Биз менен байланышыңыз

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 53 учурду каттады

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 5 Янв 2021 | 695 | 0

10-январь — Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү болуп белгиленген. Учурда президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. Үгүт иштери 15-декабрда башталган, ал 9-январь, эртең мененки саат 8де аяктайт.

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоого даярдык көрүү боюнча узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн алдын ала натыйжалары тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө бүгүнкү күнгө чейин мыйзам бузуу, административдик ресурстарды пайдалануу, шайлоочулардын добушун сатып алуу жана кысым көрсөтүү боюнча канча учур катталганы жана алар кайсы талапкерлерге тийиштүү экени да айтылды.

Байкоо тууралуу алдын ала отчетко кезексиз шайлоо дайындалган 2020-жылдын 24-октябрынан баштап 28-декабрына чейинки мөөнөттөгү байкоолор, ошондой эле президенттик кызматка талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо жол-жоболору, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларын түзүү жана алардын иши, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мөөнөтү тууралуу иштер камтылган. 2 ай ичинде «Жалпы иш» коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоочуларынан мыйзам бузуулар жөнүндө 53 маалымат түшкөнүн шайлоо боюнча кеңешчи, юрист Таалай Асылбеков билдирди. Асылбековдун айтымында, көбүнчө административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу жана добуштарды сатып алуу жөнүндө арыз-даттануулар, билдирүүлөр катталган.

«2020-жылдын 17-декабрынан баштап фонддун узак мөөнөттүү байкоочуларынан мыйзам бузуулар жөнүндө жалпысынан 53 маалымат түшкөн. Алардын ичинен административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө 31 учур, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жөнүндө 15 учур жана шайлоочуларга кысым көрсөтүү жана коркутуу жөнүндө 7 учур катталды. Фонд катталган бардык бузууларга талдоо жүргүздү. Мындан тышкары отчет мезгили ичинде Ыкчам аракеттенүүнүн координациялык тобуна фонд тарабынан 14 кайрылуу жиберилген. Бүгүнкү күндө жогоруда айтылган бузуулар жөнүндө фонд расмий жоопту ала элек. Жоопту күтүп жатабыз».

«Форма №2» жокко чыгарылганына байланыштуу болжолдуу түрдө 450 миң адам шайлоо укугунан айрылып калган. Бул тууралуу узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү боюнча эксперт Арсланбек Өмүрзаков маалымдады. Ошондой эле үгүт иштерин кайсы талапкерлер кыйла активдүү жүргүзүп жаткандыгын айтты.

«Биздин изилдөөлөрдүн жыйынтыгында азыркы активдүү катышып жаткан талапкерлер: Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов. Ушул 4 талапкер үгүт иштерин катуу жүргүзүп жатат. Биздин байкоочуларыбыздын пикири боюнча Садыр Жапаровго арыздар түшүп жатат, бирок «бир гана Жапаровго арыздар келип жатат» деген туура эмес, башка талапкерлерге да арыздар келип жатат». 

Ал эми «Жалпы иш» коомдук фондунун долбоорунун координатору Раушан Садырбаева шайлоо күнү фонддун ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылды. Анын айтымында, фонд статистикалык байкоо жүргүзөт. Бул шайлоо күнү болгон иштерди жана добуш берүү жараяны жөнүндө маалыматтарды өлкө боюнча көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.

«Белгилей кетсем, шайлоо күнү 501 байкоочу көз салып турат. Шайлоо күнү — мындай карасак, шайлоо процессинин бир бөлүгү. Фонд шайлоо бүткөндөн кийин, тагыраагы, 11-январда шайлоонун кандай өткөнү тууралуу алдын ала билдирүү жасайт».

Буга чейин да үгүт иштери учурунда мыйзам бузуулар катталган. «Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары тарабынан белгиленип алынган административдик ресурсту пайдалануу учурлары талапкер Садыр Жапаровго байланыштуу. Бул көрүнүштөр социалдык тармактагы билдирүүлөр менен да далилденген. Дагы бир учур талапкер Курсан Асановдун аракеттерине тиешелүү. Ал Араван районуна үгүт жүргүзүү үчүн РИИБдин кызматкерлерин тарткан. «Жалпы иш» фондунун отчетунун максаты – коомго шайлоо алдындагы мезгил жөнүндө объективдүү, өз маалында калыс, бейтарап маалымат берүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM