Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 124 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Янв 2021 | 639 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдети менен 124 адам катталды. Март айынан бери 81 миң 512 адамга вирус жукту.

Бүгүн өлкө аймагында коронавирустан каза болгондон катталган жок. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бул оорудан 1360 адам көз жумду.

5-январга карата дагы 227 бейтап COVID-19 илдетинен сакайды. Илдетти жеңип чыккандардын саны 76 миң 955ке жетти.

Учурда ооруканаларда 888 бейтап дарыланып жатат. Анын 47си өтө оор абалда, 241и оор абалда, 585и орто оордукта, 15 адамдын абалы канааттандыраарлык.

Үй шартындагы дарыланууда 1385 бейтап бар.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча үч медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алып, 11и айыкты.

COVID-19 менен катталган медиктердин саны 4126га жетсе, анын 3954ү сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM