Биз менен байланышыңыз

Ташиевдин уулу Ла Лигада ойногон алгачкы кыргыз футболчусу болуп калышы мүмкүн

Кыска кабар , Спорт | 4 Янв 2021 | 1236 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин 15 жаштагы уулу Эмир-Хан Испаниянын «Леванте» футболдук клубунан кароо-сынактан өтүүгө чакыруу алды. Эгерде кароодон ийгиликтүү өтсө, Ла лигада ойногон алгачкы кыргыз футболчусу болуп калышы мүмкүн.

Бул тууралуу Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«15 жаштагы кенже уулум Эмир-Хан «Паоло Россинин» академиясында бир жарым жыл окуду жана Италиянын «Перуджа» футболдук клубунда жарым жылдай ойноду. Эми Испаниянын «Леванте» футболдук клубунун кароосуна чакыруу алды жана биринчи жолу чет өлкөгө мен жок кетип жатат», — деп жазды Ташиев.

Азыркы тапта Испания чемпиондугунун жогорку лигасында (Ла Лига) ойногон «Леванте» футболдук клубу 1909-жылы негизделген. Учурда футболдук клуб Ла Лиганын турнирдик жадыбалында 18 упайы менен 13-орунда келе жатат.

Copyright © 2017 Maral FM