Биз менен байланышыңыз

Криштиану Роналду «XXI кылымдын мыкты футболчусу» аталды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 2 Янв 2021 | 823 | 0

Португалия курама командасынын жана «Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду «Globe Soccer Awards» тарабынан «XXI кылымдын мыкты футболчусу» деп табылды.

​Аталган сыйлыкты 35 жаштагы спортчуга Дубай шаарында (БАЭ) өткөн салтанат учурунда тапшырышты. Маалым болгондой, бул наамды алууга «Ливерпулдун» чабуулчусу Мохаммед Салах, бразилиялык футболчу Роналдиньо жана «Барселонанын» капитаны Лионель Месси ат салышкан.

«Мен абдан кубанып жатам! Жакында профессионалдык футболдо жүргөнүмө 20 жыл болот. Кылымдын мыкты футболчусу болуу — мен үчүн өтө сыймыктуу жана кубанычтуу», — деди Роналду.

​Мындан тышкары, бул иш-чарада «Бавария» клубунун чабуулчусу Роберт Левандовски «Жылдын мыкты футболчусу» аталды. Ал эми 2020-жылдын эң алдыңкы командасы деп, ошол эле «Бавария» табылды.

«Жылдын мыкты машыктыруучусу» наамын Ханс-Дитер Флик алса, «Кылымдын мыкты машыктыруучусу» наамын Хосеп Гвардиола ээледи.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM