Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы балдардын каникулуна карата бир катар иш-чараларды өткөрөт

Кыска кабар | 2 Янв 2021 | 526 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык жана чейректик каникулга карата шаардын жаш тургундары үчүн «Диалог» маданият үйү жана «Жаштык» борбору менен биргеликте оюн-зоок программаларын иштеп чыкты. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-январдан 15-январга чейинки аралыкта төмөнкүдөй программадагы иш-чаралар өткөрүлө турган болду:

4-январь, саат 12:00дө «Диалог» маданият үйүнүн кичи залында балдарга арналган тренинг;

5-январда «Диалог» маданият үйүнүн кичи залында «Жылдыздар менен ырдайбыз» №2 Балдар искусство мектебинин тарбиялануучулары менен көрүнүктүү эстрада ырчыларынын жана вокалисттеринин биргелешкен концерти;

Ушул эле күнү «Жаштык» борборунда «Жаңы жыл дүйнөнү кыдырат» интеллектуалдык викторинасы;

6-январь, саат 12:00дө «Диалог» маданият үйүнүн кичи залында №2 Балдар искусство мектебинин кайрымдуулук концерти;

8-январь, саат 12:00дө «Сөз маданияты», «Гитара жана комузда ойноо», «Лего ойноо», «Инстаграмдагы кыялдарга беш кадам» аталышындагы чеберчилик сабактар;

9-январь, саат 12:00дө «Диалог» маданият үйүнүн кичи залында Жаңы жылдык мультфильмдердин негизинде квест;

Ушул эле күнү «Жаштык» борборунда «Жаңы жылдык ниндзя» аталышындагы оюн;

10-январь, саат 9:00дө «Диалог» маданият үйүнүн кичи залында «Жаңы жылдык балатынын алдындагы бала бакча» аттуу жаштар чакырыгы;

11-январь «Жаштык» борборунда «Чогуу ырдайбыз» караоке сынагы;

12-январь, саат 15:00дө  «Диалог» маданият үйүнүн кичи залында сүрөт, видео тартуу жана сайма саюу боюнча чеберчилик сабактар;

13-январда «Жаштык» борборунда «Спортчу үй-бүлө» аталышындагы иш-чара.

Ошол эле учурда 3-январдан 15-январга чейин «Диалог» маданият үйүндө кыш мезгилин даңазалаган онлайн көркөм окуу сынагы уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы балдарга жана жарандарга санитардык эрежелерди сактоону унутпоону суранат. Беткап кийип, антисептикалык каражаттарды колдонуу менен бирге, аралыкты сактоону эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM