Connect with us

Малды тышкы өлкөгө сатуу үчүн бир жумага уруксат берилди

Кыска кабар | 2 Янв 2021 | 983 | 1

Буга чейин тирүү малды жана айыл чарба өндүрүмүн чет өлкөгө экспорттоо боюнча киргизилген чектөө бир жумага алынып салынды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

19-ноябрдагы Өкмөттүн токтомуна ылайык, малды жана айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салынган. Ал эми Өкмөттүн 2020-жылдын 30-декабрындагы №638 токтомуна, ылайык мурда кабыл алынган документке өзгөртүүлөр киргизилди. Анда өлкөдөн чыгарууга тыюу салынган өндүрүмдөрдү 2021-жылдын 8-январына чейин экспорттоого жол ачылганы маалымдалат.

«2020-жылдын 19-ноябрында кабыл алынган токтомдун жардамы менен эт, май, жумуртка сыяктуу биринчи кезекте керектелүүчү азыктардын баасын төмөндөтө алдык. Тыюу салуу боюнча бир нече жолугушууларды өткөрдүк. Мурда алынган маалыматтарды дагы бир жолу тактадык. Ишкерлер чет өлкөлүктөр менен мурдатан түзүлгөн келишимдеринин аткарылбай калганын айтышты. Ошондуктан биз аларга бир жумалык коридор ачып бердик. Ал эми жүгөрү экспорттоого тыюу салынган товарлардын тизмесинен чыгарылды. Себеби анын көлөмү расмий маалыматтарга караганда 100 эсеге көп экен. Бул нерсени ассоциациянын өкүлдөрү тыюу киргизилгенден кийин билдиришти. Эми алар маалыматтарды жашырбай, ачык көрсөтүү керектигин түшүнүп калышты», — деп билдирген министр Тилек Токтогазиев.

 

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM