Биз менен байланышыңыз

Ош ОИИБинин башчысынын милдетин Жеңиш Абидов жетектейт

Кыска кабар | 26 Дек 2020 | 812 | 0

Ош ОИИБнин башчысынын милдетин аткаруучу болуп Жеңиш Абидов дайындалды. Абидовду облустук милициянын жамаатына ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.

Жеңиш Абидов буга чейин Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүн, Чүй облусунун Панфилов райондук милициясын жетектеген кызматтарда иштеген.

Белгилей кетсек, буга чейинки жетекчи Малик Нурдинов ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Ал бир айдай амбулатордук дарыланууда болгону айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM