Биз менен байланышыңыз

Ош ОИИБнин жетекчиси Малик Нурдинов иштен кетүү арызын жазды

Кыска кабар | 26 Дек 2020 | 717 | 0

Ош облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Ош облусутук ИИББдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, Нурдинов ден соолугуна байланыштуу арыз жазган. Бирок аны иштен бошотуу боюнча буйрук чыга элек.

«Бир айдан бери амбулатордук дарыланууга барып жаткан. Дарыгерлер убагында дарылануу керектигин айтышыптыр. Ошондуктан арыз жазды», — дейт Ашырбаев.

Малик Нурдинов бул кызматка 2018-жылы апрелде келген. Ага чейин ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган. Быйыл коронавирус пандемиясы учурундагы өзгөчө абал шартында Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM