Биз менен байланышыңыз

Covid-19: 4 адам каза тапты

Кыска кабар | 26 Дек 2020 | 501 | 0

Covid-19 боюнча Рупубликалык штаб 26-декабрга караган суткада илдеттен 4 адам каза тапканын билдирди. Маалыматка ылайык, алардын төртөө тең Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланып жаткан. Мындан тышкары, дагы 157 адамдан коронавирус илдети аныкталды.

Алар:

— Бишкек шаарында 60 адам;

— Ош шаарында 6 адам;

— Чүй облусунда 27 адам;

— Ош облусунда 20 адам;

— Талас облусунда 5 адам;

— Нарын облусунда 5 адам;

— Ысык-Көл облусунда 20 адам;

— Жалал-Абад облусунда 10 адам;

— Баткен облусунда 4 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 80 миң 182 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган.

Ошондой эле, дагы 300 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, акыркы сутканын ичинде ооруканалардан чыгарылды.

Алар:

— Бишкек шаарында 102 адам;

— Ош шаарында 9 адам;

— Чүй облусунда 97 адам;

— Ош облусунда 16 адам;

— Талас облусунда 4 адам;

— Нарын облусунда 5 адам;

— Ысык-Көл облусунда 28 адам;

— Жалал-Абад облусунда 25 адам;

— Баткен облусунда 14 адам.

Республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 26-декабрдагы маалыматы боюнча, муну менен Кыргызстанда жалпы 74 миң 477 адам коронавирус менен пневмониядан дарыланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM