Марал Радиосу

Дүйнөлүк күрөш уюму Айсулуу Тыныбекованы мыкты спортчу деп тапты

Дүйнөлүк күрөш уюму кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованы Сербияда өткөн Дүйнө Кубогунда мыкты спортчу деп тапты. Бул тууралуу Тыныбекова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча өткөн Дүйнө Кубогунда чемпион болгон.

Мелдеш 12-18-декабрда Сербиянын Белград шаарында өткөн.

62 кг салмакта беттешкен Айсулуу Тыныбекова финалда латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңип алган. Ал жарым финалда орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде утту. Чейрек финалда Жансу Аксой (Түркия) менен күрөшүп, аны 10:0 эсебинде уткан. 1/8 финалда румыниялык Криста Инцени 10:0 эсебинде жеңип алган.

Кыргызстандын эгемен тарыхында кыз келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алтын байгесин биринчи жолу Айсулуу Тыныбекова багындырды.