Биз менен байланышыңыз

Талапкерлер «Укуктар жана эркиндик жөнүндө» келишимге кол коюшту

Кыска кабар | 23 Дек 2020 | 834 | 0

Бүгүн, 23-декабрда президенттикке талапкерлер жарандык коомдун, медиа чөйрөнүн өкүлдөрү менен бирге «Укуктар жана эркиндиктер жөнүндө» келишимге кол коюшту. Иш-чара Бишкектеги мейманканалардын биринин жыйындар залында өттү.

Документте демилгечилер жаңы дайындала турган өлкө башчысын өлкө мыйзамдарын сактоого, сөз эркиндигин, демократияны, адамдардын укук жана эркиндик үстөмдүгүн камсыз кылууга чакырат.

Иш-чарага талапкерлер Аймен Касенов, Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев, Элдар Абакиров, Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Адахан Мадумаровдун шайлоо штабынын башчысы Ишенбай Кадырбеков жана Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын жетекчиси Канатбек Тургумбеков катышты.

Президенттикке талапкерлигин койгон 18 адамдын ону бүгүнкү келишимге кол койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM