Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбековго унаа белек кылышты

Кыска кабар , Спорт | 21 Дек 2020 | 1089 | 0

Жеке ишкерлер Анвар Маметов жана Азиз Исамагаметов Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогунда грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль алган Жоламан Шаршенбековго «Мерседес» үлгүсүндөгү, ал эми коло медаль алган Руслан Царевге «Тойота» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты.

Дүйнө Кубогуна 60 килограмм салмак категорияда катышкан Жоламан Шаршенбеков финалга чейин жетип, финалда орусиялык Степан Марянянды 4:4 эсебинде жеңип, алтын медаль алган.

Ал эми 72 килограмм салмакта катышкан кыргызстандык балбан Руслан Царев биринчи айлампада венгриялык Балинт Корпашиге 2:1 эсебинде утулуп калган. Бирок венгриялык балбан финалга өткөнүнө байланыштуу Руслан Царев коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, болгариялык Айк Мнацаканянды 3:1 эсебинде утуп чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM