Биз менен байланышыңыз

Дүйнө Кубогунда Айпери Медет кызы коло байге утуп алды

Кыска кабар , Спорт | 17 Дек 2020 | 375 | 0

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө Кубогунун коло байгесин утуп алды.

Айпери Медет кызы 76 кг салмактын чейрек финалынан тарта күрөшүп, алгачкы атаандашы болгариялык Мария Оряшкованы 5:3 эсебинде утуп алган. Жарым финалда дүйнө чемпиону аталган германиялык Алине Фоккен менен кармашып, 4:6 эсебинде жеңилип калган.

Айпери Медет кызы үчүнчү орун үчүн «Рио-2016» жайкы олимпиада оюндарында коло жана Европа чемпиондугунда алтын медаль жеңген оруссиялык Екатерина Букинаны 11:8 эсебинде жеңип, Дүйнө Кубогунда коло медалга ээ болду.

Муну менен Айпери Медет кызы Дүйнө Кубогунда коло медаль уткан үчүнчү кыргызстандык балбан болду. Буга чейин Калы Сулайманов жана Руслан Царев коло медаль уткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM