Марал Радиосу

Артем Новиков Нарын облусуна иш сапары менен барат

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Нарын облусуна иш сапары менен барат.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, Новиков «Торугарт-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышат.

Ошондой эле бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин курулушунан кабар алат.

28-ноябрда Артем Новиков Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында «Чалдовар» көзөмөл-өткөрмө пунктуна барган. Анда ал «Жыйынтыктоочу пост» бирдиктүү маалымат системасын түзүү тууралуу айткан.

Бажы кызматы: Новиковдун сыны бизге багытталган эмес