Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Нарын облусуна иш сапары менен барат.
Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, Новиков «Торугарт-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышат.
Ошондой эле бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин курулушунан кабар алат.
28-ноябрда Артем Новиков Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында «Чалдовар» көзөмөл-өткөрмө пунктуна барган. Анда ал «Жыйынтыктоочу пост» бирдиктүү маалымат системасын түзүү тууралуу айткан.