22-октябрда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым беренелерине өзгөртүү киргизилген долбоор Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып, ага президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Мыйзамга ылайык, шайлоочулар мындан ары «Форма №2» аркылуу шайлоо участкасын өзгөртө албайт. Айрым юристтер муну шайлоочулардын укугун тебелөө катары бааласа, кээ бирлери добуш сатып алууга бөгөт коет деген пикирде. «Форма №2нин» жокко чыккандыгы тууралуу шайлоочулардын кабары барбы? Алар жарандык милдетин аткаруу үчүн расмий катталган жерине барып добуш берүүгө даярбы? Бул суроолорду элге берип көрдүк.
Жагдай боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылганыбызда, БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев көптөгөн шайлоочунун укугу тебеленип жатканын моюнга алып, бирок жагдайды туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.
— Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам 11-ноябрда күчүнө кирди. Ага ылайык, азыр Кыргызстандын аймагындагы шайлоочулар, эгер өзүнүн туруктуу жашаган жеринен башка жакта болуп калса, шайлоо күнү ал жерден добуш бере албайт. Өзүнүн гана расмий катталган жеринен добуш берүүгө укуктуу. Алдын ала эсептер боюнча, 100 миңден 200 миңге чейинки жаран шайлоо укугуна ээ боло албай калышы мүмкүн деп жатышат. Бирок, биз туура түшүнүшүбүз керек да. Кечээги парламенттик шайлоодо да ушул «Форма №2» негизги көйгөйлөрдүн бири болуп калды. Азыркы шартта биз муну бир гана түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек.
Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселени чече албай турганын, алар мыйзамда жазылгандарды гана аткарарын кошумчалады.
Жарандык позициясын билдирип келаткан көз карандысыз юрист Таттыбүбү Эргешбаева бул мыйзам долбоорунун кабыл алынганына Жогорку Кеңештин депутаттарын айыптайт. Себеби шайлоо жөнүндөгү мыйзамдагы беренелерге өзгөртүү киргизерде Боршайком аймактан аймакка «Форма №2» менен катталууну калтыруу сунушун берген, бирок Жогорку Кеңеш аны эске алган эмес. Эгер депутаттар сунушту кабыл алганда, шайлоочулар «Форма №2ни» негиздүү маселе болгондо гана пайдалана алмак.
— Негизи, «Форма №2» жакшы система болчу, жалпы жарандарга керек эле. Азыр, ооба, шайлоочулардын укугу тебеленип жатат, бирок ошол баягы эле адамдардын добушун сатып алуудан улам келип чыгып жатпайбы! Буга жарандар өздөрү мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Элдин аң-сезими өзгөрмөйүнчө, түшүнмөйүнчө, жакшы мыйзамдын жаман жагы пайдаланыла берет. Эгерде биз мыйзамды сактап, мыйзамдуулукту талап кылып, добушубузду сатпай жүрсөк, ошондо гана стабилдүүлүк орнойт да.
Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, туруктуу жашаган жеринен алыста жүргөн шайлоочулар, мисалы, студенттер, иш сапары менен жүргөн кызматкерлер, ички миграцияда жүргөн жарандар, шайлоо күнү расмий катталган аймагына гана барып, добуш бере алат же катталган дарегин алмаштырууга тийиш. Эгер жашаган жерин алмаштырган учурда, алар 29-декабрга чейин өзүн тизмеден такташы керек.
«Добуш берүүдө дарегин өзгөртүүгө шарт түзгөн «Форма-2» ыкмасы шайлоо күнү шайлоого ар кандай себептерден улам катыша албай турган жарандардын шайлоо укуктарын кеңейтүү максатында иштелип чыккан жана ишке ашырылган.
Бул себептер ички жана тышкы миграциядан улам, жумуш иштери менен тыш жакта жүргөн жарандарга байланыштуу болушу мүмкүн. Добуш берүү дарегин өзгөртүүгө мүмкүндүк берген «Форма-2нин» жокко чыгарылышы эрте кабыл алынып калды. Анткени шайлоочунун добуш берүү укугун кеңейтүүгө арналган бул мүмкүнчүлүктү же шайлоо дарегин өзгөртүүго себеп болгон зарыл шартты далилдеген документтер менен бекемдеши керек эле. Же болбосо жарандардын активдүү добуш берүү укугун ишке ашыруу үчүн башка альтернатива сунушуталышы керек болчу. Анткени шайлоодо ар бир добуш маанилүү», — деп эсептейт «Жалпы иш» коомдук фонду.
Шайлоочулардын акыркы тизмеси добуш берүү күнүнө 7 күн калганда түзүлөт. Бирок мөөнөтүнөн мурда шайлоонун айырмасы, «Президентти шайлоону дайындоо жөнүндө» мыйзамдын 48-беренесинде көрсөтүлгөндөй, бардык процесстердеги белгиленген мөөнөттөр төрттөн бирге кыскарат. 10-январда өтө турган шайлоодо акыркы тизме 5-январда чыгып, бюллетендер шайлоо тилкелерине жөнөтүлөт.
Мыйзам беренелеринде көрсөтүлгөн кол топтоонун чегин төмөндөтүп берүүнү талапкерлер суранышкан. Муну Боршайком четке кагып келди. Талапкерлерге коюлган шартка ылайык, алар мурда 54 күндүн ичинде 30 миң кол чогултса, ошол эле колду азыр 37 күндө чогултуп беришти. Акылбек Сариев бул маселе мыйзамда так көрсөтүлгөнүн жүйө келтирди.
— Мындай талаптар менен талапкерлер да кайрылган, «кол тамгалардын санын азайтып бергиле» деп. Эми, бул жерде туура түшүнүү керек, мыйзамда төрттөн бирге кыскарат деген, ал — мөөнөт. Мөөнөт менен кол тамганын саны айкалышпайт.
Сариевдин пикирин саясат талдоочу Эмил Жороев да кубаттады. Бирок, логикалык жактан караганда, кол топтоонун мөөнөтү азайган учурда, анын топтоо чеги да азайышы керек эле. Бул жагынан алганда, талаш маселе экенин айтат.
— Бул бир четинен, абдан туура эле цифра. 30 миң деген эсептелип чыккан, математикалык формуласы бар нерсе эмес. Бирок, мурдагы шайлоолордо талапкерлер 50 миң кол топтошу керек эле, азыр 30 миңге түшкөн, бул жакшы эле. Мунун негизги максаты, катышууну каалап, арыз жазган адамдардын баары эле бюллетенге түшүп калбашы үчүн, кайсы бир деңгээлде эл арасында кадыр-баркы бар, кайсы бир сандагы элдин добушун ала алат экен деген шартты канааттандырышы керек.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Ага катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 65 эле. Алардын ичинен 20 талапкер 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултуп, БШКга тапшырды. Аны Борбордук шайлоо комиссиясы 8 күн ичинде текшерип чыгып, талапкер катары расмий каттоого алат же ат салышуудан четтетет.