Биз менен байланышыңыз

Конституциялык палата «Реформанын» арызын канааттандырган жок

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 832 | 0

Жогорку соттун Конституциялык палатасы бүгүн, 2-декабрь «Реформа» партиясынын 23-октябрда берген арызын карап, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жана референдум өткөрүүнүн мыйзамдуулугу тууралуу «Реформа» партиясынын арызын канааттандырган жок. Палата Жогорку Кеңеш коомчулуктун кызыкчылыгын коргогон мыйзам чыгаруучу орган катары мыйзам кабыл аларын билдирди.

Арызда саясий партия Жогорку Кеңештин депутаттары 22-октябрда Конституциялык мыйзамдын эки беренесинин күчүн токтотуп коюу жөнүндө кабыл алынган мыйзам — Башмыйзамга каршы келери белгиленген.

Партлидер Клара Сооронкулованын айтымында, палатага кайрылганын негизги жүйөсү катары өзүнүн шайлоо жана шайлануу укугунун тебеленип жатканын айткан. Анткени, өз мөөнөтүнө белгиленген шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган учурда, мыйзамга ылайык, 90 күндүн ичинде кайра шайлоо өткөрүлүшү керек. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамга таянып, 21-октябрь күнү парламенттик кайра шайлоону 20-декбрга белгилеген. Бирок, депутаттар шайлоо жөнүндөгү мыйзамдагы беренелерди токтотуп туруу боюнча мыйзам кабыл алган. Клара Сооронкулова депутаттар регламентти бузуп, мыйзамды одоно бузганын айтат:

— Биз парламенттик кайра шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырып койгону үчүн кайрылганбыз. Бул мыйзам Кыргызстандын, укуктук системанын тарыхында болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен кабыл алынды: бир эле күндө демилгеленип, бир эле күндө фракцияларда талкууланды, бир эле күндө комитеттерде талкууланды, бир эле күндө коомдук талкууга чыгарылды, бир эле күндө 3 окуудан өткөрдү, дагы бир эле күндө президент тарабынан кол коюлду да, — деди Сооронкулова.

Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамдагы долбоорлорду жалпы кароо беренесине ылайык, мыйзам долбооору Жогорку Кеңештин окуусунда каралардан 3 күн мурда депутаттарга таанышып чыгуу үчүн берилип, ар бир окуунун аралыгы 10 жумушчу күндөн кем эмес жана 30 жумушчу күндөн ашпашы керек.

Copyright © 2017 Maral FM