Биз менен байланышыңыз

«ВИЧтен коркуунун кажети жок»

Ден соолук | 1 Дек 2020 | 867 | 0

Бүгүн, 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ СПИДге каршы күрөшүү күнү. Ага карата Саламаттыкты сактоо министрлигинин СПИД борбору жыйын курду. 

Кыргызстанда 10 214 жаран ВИЧке чалдыгып, андан каза болгондордун саны 2 миң 174кө жеткен. СПИД борборунун маалыматына ылайык, ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын 20 %ы, тагыраагы, ар бир бешинчи бейтап каза болот. 

СПИД борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов ВИЧ инфекциясынан каза табуунун көпчүлүгү убагында дарыланбай же тестирлөөдөн өтпөй жүргөндүн кесепетинен болорун билдирди. Анткени, бул вирустун симптомдору 2 жылдан 10 жылга чейин байкалбайт. 

— Каза табуу көбүнчө өз убагында дарыгерлерге кайрылып дарыланбагандан, же болбосо «Илдетимди билип калат» деп тест тапшырбай, коркуп жүрө бергенден болот. Бул вирустун симптому 2 жылдан 10 жылга чейин билинбейт. Качан бейтаптын иммунитети жок болуп калганда гана байкап, көзөмөлгө алып жатабыз. Тилекке каршы, бул учурда кеч болуп калат, — деди Бекболотов.

Жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева жарандарды байма-бай тестирлөөдөн өтүп турууга үндөп, вирустан коркуунун кажети жоктугун айтты. 

 — Кыштын биринчи күнү СПИДге каршы күрөшүү белгиленип жатат. Азыр COVID пандемиясы болуп жатат, бирок СПИД канча жылдардан бери болуп келаткан пандемия, дагы да боло берет. Бул COVID сыяктуу баарлашуудан жугуп кала турган вирус эмес, андан коркуунун кажети жок. Убагында дарыланып, дарыларды кабыл алып турса, башкага жугузуп албайт. Мен өзүм да буга чейин 4 жолу тапшыргам, азыр да тапшырып көрөм. Сиздер да коркпой тапшырып, жыйынтыктарын билип туруңуздар, — деди Мамашева. 

Кыргызстандын жарандары ВИЧ инфекциясына карата өлкөнүн жети облусунда жайгашкан СПИД борборлорунан акысыз тест тапшыра алат. 

Маалыматка ылайык, 2016-жылы вируска карата тест тапшыргандар 305 миң 850нү түзсө, 2019-жылы бул көрсөткүч 387 миң 309га жетип, анын 642синен илдет аныкталган. Ал эми 2020-жылга алынган маалыматта тест тапшырган 306 миң жарандын 507синен вирус табылган. 

Адистердин айтымында, алгач ВИЧ инфекциясы бангизаттарын колдонгондордон көбүрөөк табылчу. Акыркы жылдары кан аркылуу, энеден балага жана жыныстык жол менен жугузуп алуулар көп тарап жатат. Учурда жыныстык жол аркылуу ВИЧ жуктуруп алгандар 70 пайызды түзсө, баңгизат колдонуу аркылуу жугузгандар 10 пайызды түзөт. 

Аты айтып тургандай, адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) иммунитетти төмөндөтүп, алсыроого алып келет. БУУнун Калк фондунун ВИЧ программасынын Кыргызстандагы жетекчиси Чолпонай Эргешова илимдин өнүгүшү менен вируска чалдыккандарга атайын дары-дармектер чыгып жатканын, аны менен иммунитетти сактап калууга болорун айтат. 

Бүгүнкү күндө адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) негизинен адамдын иммундук системасын жабыркатат. Биз ошол иммунитетин сактап, керектүү деңгээлде кармап жүрүү үчүн АРВ дарыларын сунуштайбыз, аны бейтаптар бизден акысыз эле ала алышат, — дейт Эргешова.

ВИЧ инфекциясы алгачкы жолу 1987-жылы Африкада аскердик окуу жайдын студентинен табылган. 1988-жылы 1-декабрь Дүйнөлүк ВИЧке каршы күрөшүү күнү катары белгиленген. Андан бери дүйнө жүзүндө 75 миллиондон ашуун адам бул илдетке чалдыгып, анын 32 миллиону оорунун кесепетинен каза тапты. Кыргызстандын аймагында 1996-жылы алгачкы ирет катталып, бүгүнкү күнү алардын саны 10 миң 214кө жетти. Статистикалык маалыматка караганда, ВИЧ жугузуп алган бейтаптын 5тен бири оорудан каза болот. 

Адистер белгилеп өткөндөй, вирустун кесепеттеринен сактануу үчүн жыныстык мамиледе коргонуу каражаттарын колдонуп, кош бойлуу энелер дарыгердин көзөмөлүндө ВИЧке карата тест тапшырып туруусу абзел. Вирус аныкталган учурда дүрбөлөңгө түшпөй, атайын дары колдонуу менен башкаларга жуктуруп албашы керек. Алар үчүн Республикалык борбор кеңеш берип, психологдор менен байланыштырып турат. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM