Биз менен байланышыңыз

COVID-19 илдети ашыкча салмактуулар үчүн өтө кооптуу

COVID-19 илдетинен арык адамдарга караганда, толук адамдардын айыгып кетүүсү кыйынчылык жаратат. Врачтардын изилдөөлөрүнө таянып айтсак, ИВЛ аппаратын колдонгон бейтаптардын 87 %ы ашыкча салмактагы адамдар болгон. Ошол эле учурда оорудан каза тапкандардын көбү да салмагынан жапа чеккендер. Маселен, АКШ ыксыз семирип кетүү боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунда турат. Мунун кесепети коронавирус илдети жайылган учурда кескин байкалып, оорудан каза тапкандар боюнча да дүйнөлүк статистиканын сап башына чыкты.

Бул боюнча республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Марина Дүйшөнкулова менен маектешкенибизде, бизге төмөнкүдөй маалыматтарды берди:

Ашыкча семирүү дем алуу системасындагы оорулардын өөрчүп кетүүсүнө, тез чарчоого, организмдин май басып кетүүсүнө алып келет. Жыйынтыгында, кант диабети, жүрөк оорусу, рак илдетинин 10 түрү, ички организмдин иштөө функциясынын бузулушу деген сыяктуу бир катар олуттуу ооруларды козгойт. Дагы бир айта кетчү жагдай, эти оор адамдар өпкөгө таасир эткен инфекцияларды көбүрөөк жуктуруп алат. Ошондой эле организмдеги ашыкча майлардан улам өпкөнүн көлөмү да кичирейип кетет. Семирип кетүү өзү эле организмге терс таасирин тийгизет. Ал эми коронавирусту жугузуп алгандан кийин эки эсе кыйын болот. Анткени илдет менен күрөшүүгө да энергия жана иммунитет керек. Ошол себептен туура тамактануу жана ар дайым кыймылда болуу зарыл. Жасалып жаткан тамакка маани берүү да олуттуу кадам болуп саналат. Себеби куурулган, туздуу, өтө ачуу же өтө таттуу тамактардан качышыбыз керек. Ошондой эле күнүмдүк рационду карай жүрүү да оорунун алдын алууга өбөлгө түзөт.

Негизинен ар бир адам өзүнүн салмагына, ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылып, келбетин бир калыпта алып жүрүүгө кам көрүүсү керек. Ошол эле учурда ашыкча салмактан арылуу максатында ар кандай ыкмаларды колдонуп келишет. Айрым учурларда компаниялар тарабынан сунушталган дары-дармекти пайдалангандар да бар. Эскертүү иретинде айтып коюшубуз керек, сыйкырдуу таблеткалардын таасири убактылуу эле болот. Канча бир аралык өткөндөн кийин дары таасирин жоготуп, адам мурунку салмагынан да ашыкча толуп кетүүсү мүмкүн. Ар бир компания өзүнүн кызыкчылыгын ойлойт. Андан кийин башка бирөөнү карайт. Ошол себептен ден соолукка зыян тийгизбөө үчүн үй шартында эле арыктаса болот. Эң негизгиси бой менен дал келгидей орток салмакты таба билүү жакшыраак. Анан арыктоодо ар ким өзүнүн ден соолугуна жараша арыктайт. Анын эң негизги үч жолу бар: биринчиси, туура тамактануу; экинчиси, көбүрөөк кыймыл; үчүнчүсү, cөзсүз түрдө эрк керек. Эркиң болбосо, натыйжа болбойт.

Эскерте кетсек, эгер дүйнө жүзүндө ашыкча салмактан аялдар көбүрөөк жабыр тартса, Кыргызстанда эркектер басымдуулук кылат. Ал эми дүйнө жүзү боюнча ашыкча салмактуу адамдар эң көп АКШ, Мексика, Жаңы Зеландия жана Венгрияда катталса, арык адамдар эң көп Жапония менен Түштүк Кореяда катталган.

Даярдаган: Айчолпон Мукашева

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM