Буга чейинки шайлоолордун алдында бийликчил тараптын «союл чабарына» айланган мектеп директорлорун бул жолу да административдик ресурска пайдалануу аракети көрүлүп жатканы байкалууда. Алыс барбай эле кечээ жакында, тагыраагы, 4-октябрда өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоонун алдында да айрым директорлорду саясий куралга айлантуу аракетине байланышкан окуялар коомчулукта кызуу талкуу жаратканын мисал келтирсек жетиштүү болот.
Маселен, Араван районундагы мектеп мугалимдери депутаттыкка талапкерлер менен жолугушууга директордун кысымы астында мажбур түрдө келишкени айтылган. Дагы биринде, депутат Аида Касымалиева Өзгөндөгү мектептердин биринин директорун кекеткени сынга кабылган.
5-6-октябрдагы башаламандыктардан кийин бийликке келген Садыр Жапаров өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу катары өлкөнү кыдырып, элдин абалы менен таанышкан. Анда да мугалимдерди, муниципалдык кызматкерлерди жумуш маалында иштен бошотуп, Жапаров менен жолугушууга алып барганы талкууга жем таштаган.
Президенттикке талапкерлигин койгон Клара Сооронкулова кол топтоодо да админресурстар пайдаланылып жатканын айтып чыкты. Анын айтымында, кол тамга чогултуп берүү өтүнүчү менен айрым мугалимдерге кайрылганда, алар жетекчилигинин «Садыр Жапаровдон башканы колдобойсуңар» деген буйругу бар экенин билдиришкен.
«Марал» радиосуна бир канча мугалим жетекчилиги тарабынан кол топтоодо басым болуп жактанын тастыктап, бирок комментарий берүүдөн баш тартышты. Алардан айырмаланып, жарандык позициясын ачык билдирип келген Ош шаарындагы мектептердин биринин мугалими Асылкан Кубанычбекова өзү иштеген мектептеги айрым кесиптештери талапкерлердин бирине кол топтоп, каршы болгондорго үстөмдүк кылып жатканын айтты.
— Кол топтоо үчүн бир да талапкер же өкүлдөрү келген жок. Бирок, кызыктуусу, мектептеги айрым мугалимдер: «Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоп, кол коюп бергиле», — деп суранып жатышат. Каршы чыксаң, бир аз үстөмдүк кылган учурлар болууда. «Жашсың го, эмнени кыйратмак элең?» — дегендей мамиле жасайт. Кечээки парламенттик шайлоодо да ушундай эле учурлар катталган. «Бийликтин партиясын колдойсуңар», — деп, каршы чыккандарга сөгүш берип, келишпестиктер болгон.
Асылкан Кубанычбекова мектеп директорлору бир гана мамлекеттик саясатты колдоп чектелбестен, кол алдындагы мугалимдердин талабын, алардын тандоо укугун да коргоп берүүсү керектигин кошумчалады.
Мурдагы Билим берүү жана илим министри, экс-депутат Каныбек Осмоналиев директорлордун кызматы саясий орун болуп калганына кейип, бийликке жагалданган айрым саясатчылар жер-жерлерде административдик ресурсту пайдаланып, мектеп директорлору аркылуу мугалимдерге кысым көрсөтүп келгени айдан ачык дейт.
— Ар бир депутат партия менен барган күндө деле өзүнүн шайлоо округу болот. Ал анын ичиндеги бардык ресурсту пайдаланганга аракет кылат, анын ичинде мектеп директорлорун да. А министрлик директорду жумуштан алып жатса, депутаттар болушуп, алып калып жатпайбы. Бул болуп келаткан эле көрүнүш, акыркы 10 жылда күчөп кетти, — дейт Осмоналиев.
Экс-министр мектеп директорлорун, жогорку окуу жайларын саясаттан оолак кармоо үчүн билим берүү мекемелерин шайлоо участкалары катары колдонуудан баш тартууну сунуштады.
Бул боюнча Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев да үн катып, мектеп директорлорунун ишин баалоодон өткөрүүнү мерчемдеп жатканын маалымдады.
— Тилекке каршы, мектеп директорлору бүгүнкү күнү өздөрүнүн саясий рычагдарын колдонушуп, борбордогу саясий күчтөрүн ортого салып, ордун сактап калуу аракетин көрүп, билим деңгээлин текшерүү аркылуу кызматтык жаңылануу механизмдерин жасоо иштерине жолтоо болууга аракет жасашат. Анткени, жең ичинен соодалашуу болуп, алар шайлоодо кайсы бир саясий топтордун кызыкчылыгына иштеп берет, — дейт Бейшеналиев.
Алмаз Бейшеналиев мектеп директорлорун баалоодон өткөргөндөн кийин дээрлик 40%ы кызматынан түшөрүн айтат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпы 2300дөн ашуун мектепте 80 миңге чукул мугалим эмгектенет.