Биз менен байланышыңыз

4-декабрга чейинки күтүлгөн аба ырайы

Кыска кабар | 29 Ноя 2020 | 1148 | 0

Кыргызгидромет борбору 30-ноябрдан 4-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

30-ноябрда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, түндүгүндө -12…-17°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…+2°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, чыгышында -8…-13° суук, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

30-ноябрда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

30-ноябрда жана 1-3-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

30-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

30-ноябрда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

1-декабрда жана 2-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-декабрда эртең менен, күндүз жана 4-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

30-ноябрда түнкүсүн Каракол шаарында кар жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

30-ноябрда күндүз жана 1-4-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM