Биз менен байланышыңыз

Жаш театр ишмерлеринин форуму өтүүдө

Жаш театр ишмерлеринин билимин тереңдетүү жана театр искусствосун өркүндөтүү максатында республикалык «Жаратман-2020» онлайн-форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры биргелешип уюштурган форумду министр Нуржигит Кадырбеков ачып, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө ийгиликтерди каалады.

Өлкөнүн бардык театрларынын жаш режиссерлору, актерлору, театр таанучулары катышкан иш-чаранын жүрүшүндө республикадагы алдыңкы театр ишмерлери чеберчилик сабагын өтүп, билими, тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

Форум 4-декабрга чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM