Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада төрт бейтап каза тапты

Ден соолук , Кыска кабар | 29 Ноя 2020 | 712 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынан төрт бейтап каза тапты. Алардын экөө Бишкек шаарында, бирөө Ысык-Көл облусунда, бирөө Баткен облусунда дарыланып жаткан. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Ошондой эле 456 адам коронавирус илдетин жугузуп алганы аныкталды.

  • Бишкек шаарында — 110;
  • Ош шаарында — 10;
  • Чүй облусунда – 101;
  • Ош облусунда — 34;
  • Талас облусунда — 24;
  • Нарын облусунда — 8;
  • Ысык-Көл облусунда – 37;
  • Жалал-Абад облусунда – 102;
  • Баткен облусунда — 30.

Мындан тышкары 382 бейтап оорудан айыгып чыкты:

  • Бишкек шаарында — 116;
  • Ош шаарында — 18;
  • Чүй облусунда — 65;
  • Ош облусунда — 50;
  • Талас облусунда — 9;
  • Нарын облусунда — 13;
  • Ысык-Көл облусунда — 43;
  • Жалал-Абад облусунда — 55;
  • Баткен облусунда — 13;

Оору башталгандан бери өлкө боюнча 72 427 адам оору жугузуп алган, анын ичинен 63 789 бейтап айыгып чыгып, 1 266 бейтап каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM