Биз менен байланышыңыз

«АФК-2021» кубогу боюнча мелдеш өткөрүү белгиленди

Кыска кабар , Спорт | 29 Ноя 2020 | 360 | 0

Азия футбол конфедерациясынын Аткаруу комитети «АФК-2021» кубогу боюнча мелдештин өтө турган күнүн жана форматын бекитти. Бул тууралуу Кыргызстандын Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдештин квалификациялык этабы борбордук аймакта 6-7-апрелде өтүп, бир оюн менен жыйынтыкталат. Ал эми плей-офф баскычы 20-21-апрелге белгиленди. Бул этаптан жеңип чыккандар тайпалык баскычка өтүшөт.

АФК кубогунун тайпалык оюндары 14-20-май аралыгында айлампа системасы боюнча борборлоштурулган форматта өтөт. Мелдеш өтүүчү жай азырынча белгилене элек.

АФКнын быйылкы жылдагы мелдешине Кыргызстандан «Дордой» жана «Алай» клубдары катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM