Биз менен байланышыңыз

Варикоз — коркунучтуу оору

Мединфо , Пикирлер | 26 Ноя 2020 | 1832 | 0

Варикоз — коркунучтуу оору. Ооруну айыктыруу үчүн эластикалык даки (бинт) менен таңып, же мазь сүйкөп коюуга болбойт. Бул тууралуу  Улуттук госпиталдын кан тамырлар бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Байсекеев «Мединфо» программасына берген маегинде билдирди.

«Варикоз болгондо дароо эластикалык даки менен таңып башташат. Ал тескерисинче тамырларды кысып, кандын уюп (тромб) калуусуна алып келиши мүмкүн. Мунун кесепети оор болот. Ошондуктан сөзсүз түрдө дарыгердин көзөмөлү менен текшерүүдөн өтүп, дарыланып, варикозго өтө кылдат мамиле жасоо керек. Туура дарылабаса, онкологиялык ооруга чалдыгуу ыктымалы бар. Варикозду айыктырабыз дегендер көп болуп кетти. Бирок баарына бирдей бара берген болбойт».

Варикоз — эркектерде да, аялдарда да кездешүүчү кан тамыр оорусу. Бул ооруга көбүнчө аз кыймылдуу жана ашыкча салмактуу адамдар чалдыгышат. Айрым учурда кош бойлуу аялдар да варикозго кабылышы мүмкүн. Ошондой эле варикоз тукум кууйт.

Варикоздун белгилери:

Буттар көп шишийт;

Балтырлар уюп ооруйт. Айрыкча көбүрөөк кыймылдап, же көпкө чейин тике туруп калганда оору катуу болот;

Буттар кызарып же көгөрүп, кол тийгенде оорутат;

Шишик же жара пайда болот;

Жогорудагы белгилердин бири пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Дарыгерсиз дарылануунун кесепети өлүмгө алып келиши мүмкүн.

 Ворикозду күчөтүп албоо үчүн:

Көп кыймылдоо;

Оор көтөрбөө жана физикалык жүктү азайтуу;

Ыңгайлуу, колдон келсе кененирээк кийимдерди (айрыкча бут кийимдерди) кийүү;

Мончого, саунага барбай туруу;

Эки бутка жылуу жана муздак суу менен алмак-салмак контрасттык душ алып туруу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM