Биз менен байланышыңыз

Москвадагы жолугушуу Мадумаровго маселе жаратты

Саясат | 25 Ноя 2020 | 1959 | 0

Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары аттангандар шайлоо мыйзамдарын бузуп жаткандыгын юристтер эскертишүүдө. Маселен, социалдык тармактар аркылуу бири-бирин каралоого өтүштү. Үгүт өнөктүгү башталбай жатып, өзү президент болуп калса эмне кыла турганын видео, электрондук материалдар аркылуу маалымдашууда. Ошол эле учурда ноябрь айынын башында Москвага барып келген саясатчы Адахан Мадумаровдун сапары күмөн жаратып, Башкы прокуратура анын видеоматериалын Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөткөнү кабарланды.

Башкы көзөмөл органына Адахан Мадумаровдун мигранттар менен жолугушуу учурунда үгүттөөчү сөз сүйлөгөндүгү тууралуу маалымат түшүп, аны териштирип, укуктук баа берүү үчүн БШКга жөнөткөн. Бул тууралуу аталган органдын маалымат катчысы Эрмек Асанов «Марал» радиосуна тастыктады.

— Башкы прокуратура социалдык тармактарда президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Москва шаарында эмгек мигранттары менен жолугушуу өткөрүп, ал жерде үгүтөө ишин кылып жатканы тууралуу интернет макалалар жайылып жүргөн. Ал макала Башкы прокуратура тарабынан атайын президенттик шайлоону өктөрүү боюнча түзүлгөн штабдарга жиберилип, ал жактан талдангандан кийин, чара көрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жибергенбиз. Эми БШК кандай чечим кабыл аларын биз да күтүп жатабыз, — деди Асанов.

Ал эми Боршайком аталган материалды кабыл алганын, бирок, жумушчу топ чечим чыгара электигин билдирди. Комиссия мүчөсү Акылбек Сариев материалдарды мыйзам чегинде карап, жыйынтык чыгарарын айтат. Ал үгүт маселесинде мыйзам чийки болгону менен, жолугушуу уюштуруу үгүттөөгө жатпайт деп эсептейт.

Эми эл менен жолугууга эч жерде тыюу салынган эмес. Мисалы, кол тамга чогултуу керек, аны эл менен жолугушмайынча топтой албайсың. Башкы маселе, бул жерде мыйзамдын чийкилиги, менимче, жанагы үгүт жагдайына келгенде маселе жаралышы мүмкүн, анткени мыйзамда кандайдыр бир мөөнөткө чейин үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган. Азыркы учурда биз каалайбызбы, жокпу, аны аткарышыбыз керек. Бирок, эл менен жолугушуу башка, үгүт иштери башка. Биз жакшылап текшерип, анан бир тыянак чыгарабыз, — дейт Акылбек Сариев.

БШК мүчөсү жалпы талапкерлердин иш-аракеттерине, маалымат жыйындарына көз салып турган жумушчу топ түзүлгөнүн, эгерде талапкерлер үгүт иштери баштала электе жарандарды добуш берүүгө үндөп, же кандайдыр мыйзам бузууларга барса, чара көрүлөрүн кошумчалады.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 7-ноябрда Москвадагы мигранттар менен жолугушуу уюштурган. Кийин, жергиликтүү маалымат каражаттарынын биринде да жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берген эле.

Мадумаровдун шайлоо штабы бийликтин бул кадамын саясий куугунтук катары эсептейт. Саясий лидер өзү Жапаровго кайрылуу жасап, анда алдыдагы шайлоодо Жапаров жеңип чыгарына ишенбей тургандыктан, өзүн ат салышуудан чийип койгусу келип жатканын айтты.

Мадумаровдун шайлоо штабынын жетекчиси Ишенбай Кадырбеков Жапаровго негизги атаандаш боло турган Мадумаровду тизмеден чыгарып салуу аракети көрүлүүдө деген пикирди карманат. Штаб жетекчиси өлкөнүн эгемендик тарыхында биринчи жолу прокуратура Боршайкомго мыйзам бузуу болуп жатат деген билдирүү жасаганына таң калганын жашырбады:

Бул кадам — Садыр Жапаровдун алсыздыгын көрсөтүп жатат. Бүгүнкү күнү талапкерлердин арасынан негизги атаандаш боло турган — Адахан Мадумаров. Аны жеңүүгө көзү жетпей жаткандан кийин, өзүнүн колунда турган прокуратура аркылуу Боршайкомго арыз менен кайрылып атканы — ыпластык. Анын эң негизги максаты — Мадумаровду шайлоого катыштырбай коюу, андан кийин өзү президент болуп алуу аракеттеринин бири деп эсептейбиз. Бул жерде, тарыхта биринчи жолу болбогон нерсе болуп атат: шайлоо учурунда биринчи жолу прокуратура «мыйзам бузулуп жатат» деп БШКга кайрылды. Мурда Боршайком прокуратурага кайрылып, мыйзам бузууларды берип турса да, чара көрбөйт эле, — дейт Кадырбеков.

5-6-октябрдагы башаламандыктардан кийин абактан бошоп, премьер-министр кызматына дайындалган Садыр Жапаров президенттин милдетин да аткарып, өлкө аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууларды уюштурган. Ишенбай Кадырбеков Жапаров өзү шайлоо алдында элге убадаларды берип, Ысык-Көлдөн баштап, Баткенге чейин эл кыдырып келгенин, бул да мыйзам бузуу экенин кошумчалады.

Бирок, Жапаровдун эл менен жолугушуулары укуктук жактан мыйзам бузуу болуп эсептелбейт дегендер да бар. Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова ошол кездеги президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы катары эл кыдырууга укугу болгону менен шайлоого катышуу ниети бар кызматкер катары моралдык жактан бийликтеги кызматынан пайдаланды деп эсептейт.

 — Садыр Жапаров өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу катары аймактарды кыдырганга жетишти. Анда ал президенттикке талапкерлигин кое турганын айтып, бирок акыркы күнгө чейин арызын жазбай келди. Азыр аны юридикалык жоопкерчиликке тартуу кыйын, мыйзамда андай каралган эмес. А моралдык жагынан болсо, анда ал эрежени бузду. Президенттикке аттана турганын айтпай турушу керек эле, айтып алып, эл кыдырганы — көмүскө үгүттөө болуп калды, — дейт Абдрахматова

БШКнын мурдагы мүчөсү ошол эле учурда Мадумаров жана башка талапкерлер дагы социалдык тармактар аркылуу, көмүскө үгүттөө жүргүзгөнүнө БШК көңүл бурбай жаткандыгын сынга алды.

Адахан Мадумаров — Кыргызстан эгемендик алгандан бери аты таанылган саясатчы. Жогорку Кеңештин I-II-III чакырылыштарына депутаты болуп шайланып, Бакиевдин бийлигинин тушунда вице-премьер-министр, мамлекеттик катчы, Жогорку Кеңештин төрагасы, Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматтарын аркалаган. Ал 2011-2017-жылдары өткөн презденттик шайлоолорго катышып, алдыңкы фавориттерден болуп келет. Саясий серепчилер 2021-жылы өтө турган шайлоодо Садыр Жапаровго негизги атаандаш катары чыгарын айтып жатышат.

Мурдагы Билим берүү министри, профессор Каныбек Осмоналиев Адахан Мадумаров кыргыз саясатында аттын кашкасындай таанымал экенин, анын артында жүз миндеген шайлоочу бардыгын айтат. Анын пикиринде, бийлик мындай саясатчыларга абдан этият мамиле жасашы керек, анткени алар мыйзам бузган учурда да эл арасында күмөн саноолор пайда болуп калат. Бирок, кечээги окуялар Жапаровдун саясаты эмес, аны күч түзүмдөрүнүн айрым «азаматтары» атайын жасап жатат дейт.

Мен Адахан Мадумаровду таза саясатчы катары билем. Ошол эле учурда, Садыр Жапаров жөнүндө да айтып өтпөсөм болбойт, мен аны жакшы билген киши катары жоопкерчиликти мойнума алып айтсам, Садыр Нургожоевич бут тосууларга барбайт. Менимче, ушул эки күчтүү саясий фигуранын ортосуна от жаккысы келген кээ бир күч түзүмдөрүнүн «азаматтары» ишти көбүртүп-жабыртып жатышат. Ушундай эле жол менен Текебаевди да каршы коюуга аракеттенишүүдө, — деди Осмоналиев.

Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Талапкерлердин үгүт иштери 15-декабрда башталат. Мыйзамга ылайык, ага чейин үгүт иштерин жүргүзгөндөргө Боршайком чара көрүп, ат салышуудан чыгарып салганга чейин барат. Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 65 талапкерден бүгүнкү күнү ар кандай себептерден улам 48и гана калды.

Copyright © 2017 Maral FM