Биз менен байланышыңыз

Конор менен Порье качан беттешери белгилүү болду

Кыска кабар , Спорт | 25 Ноя 2020 | 310 | 0

UFC уюмунун эки салмагынын экс-чемпиону Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен январда беттешет. Бул тууралуу UFC уюмунун расмий сайты жарыялады.

Таймаш кайсы жерде өтөрүн промоушен азырынча белгилеген эмес. Алдын ала маалыматтарга караганда реванш Абу-Дабидеги «Мушкерлер аралы» спорттук жайында болушу мүмкүн.

«Реванш расмий белгиленди. Дастин Порье Конор Макгрегор менен 23-январда «UFC-257» мелдешинде кез келет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ушул жылдын июль айында Макгрегор спорттон кеткенин жар салган. Ирландиялык мушкер америкалык Порье менен буга чейин 2014-жылы беттешип, биринчи эле раундда техникалык нокаут менен уткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM