Биз менен байланышыңыз

«Айым ишкерлерге насаатчылык» программасы старт алды

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 733 | 0

Урматтуу айым ишкерлер!

Сиздин бизнесиңизди өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк!

Айым ишкерлерди колдогон ментордук программа бүгүндөн баштап JIAда старт алды!

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө айымдар арасында ишкердик бат өсүп жатат, бирок  биздин өлкөдө бул сан минималдуу.

Негизинен, айымдар бизнеси тейлөө чөйрөсүндө жана соода чөйрөсүндө көп кездешет. COVID-19 инфекциясы жайылып кеткенине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн алкагында, алар өз ишин токтотуп турууга же толугу менен жабууга аргасыз болушкан. Мындан сырткары, кризис калктын, айрыкча айымдардын арасындагы жумушсуздуктун күчөшүнө алып келди, көпчүлүк ишкерлер буга даяр эмес болушкан жана алардын көпчүлүгү кризис учурундагы  көйгөйлөрдү кантип чечүү жолдорун билишкен эмес.

Пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү жана экономикалык кризистен чыгуу үчүн «Айым ишкерлерге Насаатчылык» программасы башталды. Бул программа өз бизнесин түзүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар айымдардын жөндөмдөрүн өркүндөтүү жана эффективдүүлүктү  жогорулатуу куралы болуп саналат.

Буга байланыштуу БУУнун Өнүктүрүү Программасы Бизнес Ассоциация JIA тарабынан ишке ашырылып жаткан «Ишкер аялдарга насаатчылык» программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү» долбоору иштелип чыккан.

Бул долбоор ишкер айымдарга колдоо максатында иштелип чыккан. Ишкер аялдар үчүн ишкердикте эркектерге караганда көбүрөөк тоскоолдуктар (үй-бүлө жана туугандар тарабынан колдоонун жоктугу, активдердин жоктугу, үй чарбасынын милдеттери жана балдарды тарбиялоо). Ошентип, ишкер айымдар бизнес маселелерин натыйжалуу чечүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

Демилге БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан Финляндия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан ПРООНдун «Борбор Азиядагы сооданы жеңилдетүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда

Алдыда бул долбоорго катышуу шарттары жана маанилүүлүгү туралуу биле аласыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM