Марал Радиосу

Иманалиев Жапаровдун билим деңгээлин сындады

Бүгүн, 24-ноябрда президенттикке ат салышууга камынып жаткан талапкерлер маалымат жыйын куруп, убактылуу бийлик ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз иш-аракеттерге барып жатканын айтып чыгышты. Алардын арасында ыйгарым укуктары токтоп турган өкмөт башчы Садыр Жапаровду сынга алгандар да бар.


Жээнбеков Садыр Жапаровду айкөл болууга чакырды


Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Жапаров президенттик кызматка даяр эместигин, дипломатиялык тажрыйбасы жоктугун белгилейт.

— Эгер Садыр Жапаров президент болуп кала турган болсо, Кыргызстанды жүз жылдык тарыхындагы эң сабатсыз башчы башкарат. Далилдеп берейин: Раззаков Москвада окуп, 10 жыл ошол жерде иштеп, Өзбекстанда жөнөкөй мамлекеттик кызматкерликтен ишин баштаган. Бөлүм башчы, мамлекеттик пландын төрагасы, премьер-министрдин жардамчысы болуп, андан соң биринчи катчы кызматына келген, — дейт депутат.


Аманбаев: Жапаров Ли Куан Юдай боло алат


Иманалиев андан кийин мамлекетти жетектеген Турдакун Усубалиевдин да Москвадан жогорку билим алып, 10 жыл Кремлде Сталиндин жанында иштегенин, андан кийин келген башкаруучулар Абсамат Масалиев, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев жогорку билим алып, мамлекеттик кызматтарды тепкич менен басып өткөнүн белгилейт.

— Керек болсо, акыркы президент Сооронбай Жээнбеков совхоздун директору болуп иштеп, 2 чакырылыштын депутаты, губернатор, айыл чарба министри, премьер-министр болуп, андан соң президент болгон. А биздин азыркы жолдошубуз Дене тарбия академиясынын дипломун заочный окуп алган. Биздин эл прогрессивдүү саясий жетекчиге татыктуу.

Каныбек Иманалиев муну менен бирге жакында президенттик шайлоо өткөргөн мамлекеттерди мисал келтирип, алардын баарында дүйнөдөгү эң алдыңкы университетти бүтүргөн талапкерлер жеңип чыкканын кошумчалады.

Акаев: Мени Жапаровдун штабын жетектейт деген маалымат калп