Биз менен байланышыңыз

Бахтияр Дүйшөбеков «Динамо» футболдук клубуна көрсөтүлүүдө

Кыска кабар , Спорт | 24 Ноя 2020 | 345 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков Орусиянын Брянск шаарындагы «Динамо» клубунда ойноо үчүн көрсөтүлүүдө.

«Match TV» билдиргендей, жайында «Динамо» клубу Кыргызстандын футболчусуна кызыгуусун билдирген.

«Андан кийин ал келишим боюнча Бангладештин «Башундара Кингз» клубунда ойноп, эми Кыргызстанга кайтып келип, эркин агент статусуна ээ болду. Брянск шаарында ал кышкы трансфердик терезеде командасын чыңдай алат», — деп айтылат билдирүүдө

25 жаштагы Дүйшөбеков Кыргызстандын курама командасында 29 беттеш өткөрүп, 2019-жылдагы Азия Кубогунун катышуучусу болгон.

«Динамо» Орусия Чемпионатынын Улуттук Лигасында ойнойт жана 23 турдун жыйынтыгы боюнча 22 команданын арасында 16-орунду ээлейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM