Биз менен байланышыңыз

Конор Макгрегор катышкан мобилдик оюн иштелип чыкты 

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 24 Ноя 2020 | 390 | 0

Ирландиялык аралаш мушташ чебери Конор Макгрегор катышкан «Dystopia: Heroes Contest» мобилдик оюну иштелип чыкты. Бул тууралуу мушкер өзү Инстаграм баракчасына жарыялады.

Спортчу iOS жана Android операциялык тутумдары бар түзмөктөр үчүн иштелип чыккан долбоордун жүзү болуп калды. Мобилдик оюндун реалдуу убакыт стратегиясы акысыз.

«Дистопияга — келечектеги киберпанк дүйнөсүнө кош келиңиз! Коомду ири корпорациялар көзөмөлдөгөн апокалиптикалык дүйнө. Нью-Йорктогу кварталдарды багындырып, фантастикалык шаймандарды чогултуп, башка оюнчуларга кол салып, базаңызды өркүндөтүп, империя куруу үчүн сизге эмне керек? Биримдиктерди түзүп, аларды экономикалык өсүшкө алып барыңыз, рейддерде же башка союздарга каршы акы төлөнүүчү согуштарда колдоп бериңиз», — деп айтылат оюндун сүрөттөмөсүндө.

Белгилей кетсек, Конор кийинки беттешин 23-январда «UFC-257де» өткөрөт, анын атаандашы Дастин Пуарье болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM