Биз менен байланышыңыз

Хабибке Орусиянын баатыры наамын берүүгө спортчулар нааразы

Кыска кабар , Спорт | 23 Ноя 2020 | 454 | 0

Оруссиялык аралаш мушташ боюнча мушкер (ММА) Александр Емельяненко мушкер Хабиб Нурмагомедовго Орусиянын Баатыры наамын берүү сунушуна каршы экенин «Vseprosport» сайты жазды.

«Туура, ал мыкты, аралаш мушташ боюнча көп иш жасады. Бирок сиз Орусиянын Баатыры наамын берсеңиз, анда эң биринчи кезекте Емельяненконун фамилиясын карашыңыз керек», — деди спортчу.

Ал ошондой эле Нурмагомедов карьерасын эрте аяктаганын кошумчалады. Мушкердин  айтымында, орусиялык дагы он чакты согуш өткөрүшү керек болчу.

Эске салсак, 4-ноябрда Мамлекеттик Думанын депутаты Гаджимурад Омаров Нурмагомедовго Орусиянын Баатыры наамын берүү боюнча Владимир Путинге кайрылуу жазган. Бирок олимпиаданын үч жолку чемпиону, Мамлекеттик Думанын депутаты Ирина Роднина, мушкерлер Александр Шлеменко, Константин Цзю, Николай Валуев сунушка каршы экендиктерин айтып чыгышкан.

24-октябрда Нурмагомедов UFC турниринде жеңил салмактагы чемпиондук курун коргоо үчүн беттешип, Анда америкалык Жастин Гетжини жеңип алган. Мушташтан кийин ал спорттон кетерин жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM