Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда тартылган Болливуддун тасмасын «Netflix» көрсөтөт

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 504 | 0

Кыргызстанда тартылган Индиянын «Торбааз» тасмасынын трейлери «Netflix» компаниясы тарабынан көрсөтүлөт.

Тасма 2017-жылы Бишкекте, Ош облусунда жана Токмок шаарында тартылган. Ага Болливуд жылдыздары Санджай Датт, Наргис Факхри жана кыргызстандык актерлор катышкан.

Гириш Малик режиссерлук кылган долбоордун бюджети 4 миллион доллар болгон.

Трейлерден Кыргызстандын тоолорун жана кооз жаратылышты байкоого болот. Тасмада Кыргызстандагы стадиондорго жакын жерде бомба жардырылат.

Кинодо согушкерлерди даярдай турган согуш талаасынан ооган балдарын куткарган бейөкмөт уюмдун кызматкери тууралуу баяндалат.

Болливуд жылдыздары катышкан боевиктин расмий бет ачары 11-декабрда болору айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM