Биз менен байланышыңыз

Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоп калды [видео]

Кыска кабар , Спорт | 22 Ноя 2020 | 696 | 0

Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко бразилиялык мушкер Женнифер Майя менен бетешип, чемпиондук наамын коргоп калды.

Бүгүн, 22-ноябрда Валентина Шевченко АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан UFC 255 турниринин алкагында эң жеңил салмак категориясы боюнча Женнифер Майя менен күч сынашты. Беттеш беш бөлүккө созулуп, калыстардын бирдей чечими менен Шевченко жеңүүчү деп табылды.

Шевченко жеңишинен кийин бардык эле күйөрмандары күткөн «лезгинка» бийин бийлеп берди.

Валентина Шевченко 2018-жылы жеңип алган чемпиондук курун төртүнчү ирет татыктуу деңгээлде коргоду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM