Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык Рафаэль Физиевдин UFCдеги мушташынын датасы аныкталды

Кыска кабар , Спорт | 20 Ноя 2020 | 468 | 0

Мушташ 29-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. Кыргызстандыктын атаандашы бразилиялык Ренато Мойкано болот.

Физиев үчүн бул мушташ UFCдеги төртүнчү беттеши болот —  буга чейин 2 жолу женип, 1 жолу жеңилип калган. Кыргызстандыктын акыркы мушташы 2020-жылы 18-июлда Абу-Дабиде өтүп, анда британиялык Марк Диакисти жеңип, кечки оюну үчүн 50 000 доллар сыйлык алган.

Мойкано үчүн бул күрөш UFCде 10-жолку мушташы, буга 6 жеңиш жана 3 жеңилүүсү бар. Бразилиялык 2019-жылы эки жолу жеңилүү ызасын тартып, аны 2020-жылы мартта Дамир Хадзовичти жеңип жапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM