Биз менен байланышыңыз

Хабиб: UFCнин алдыңкы сабына чыгуу планымда бар болчу, бирок…

Кыска кабар , Спорт | 20 Ноя 2020 | 451 | 0

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун спорттук карьерасын улантууга ниети жок. Бул тууралуу ал «АиФ Дагестан» маалымат булагына билдирген.

24-октябрда ал америкалык Жастин Гэтжини утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын билдирген. Кийинчерээк Нурмагамедовдун менеджери жана UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.

Нурмагомедов UFC уюму ага дайыма жаңы мушкерлерди жана болжолдуу атаандаштарды даярдап келерин белгилеген.

«Ушундай бүтпөгөн көрүнүш, бул үчүн 40-45 жашка чейин беттешке чыгууга туура келет. Бирок бир максат болуш керек. Менин аталган дивизиондо эң алдыңкы сапка чыгуу планым бар болчу. Аны аткардым. Мен үчүн мындан ары кызыкчылык жок. Миссиям аягына чыкты. Атак-даңктын туу чокусунда туруп акча тапса болот. Бирок менин максатым башка болгон. Акчаны башка жактан иштеп табабыз», — деп билдирген Хабиб Нурмагомедов.

Белгилей кетсек, мушкер профессионалдык карьерасында 29 ирет беттешке чыгып, баарын жеңген. Анын 13үнө UFC промоушенинде жетишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM